2025-жылдын 17-январында Шумкар-Уя айылдык кеңешинин кезектүү сессиясы өтүп, анда айыл өкмөттүн 2025-жылга карата бюджети 340 000 000 сом өлчөмүндө бекитилди. Аны менен Шумкар-Уя айыл өкмөтү облус ичинде эле эмес бүтүндөй республика боюнча бюджети эң көп айыл аймакка айланды.
2024-жылы бюджет 240 000 000 сом өлчөмүндө бекитилген. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйылкы бюджет 41, 6 % өлчөмгө көбөйгөн.
Алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен Шумкар-Уя айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн арттырууга жана айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртууга бир катар ири долбоорлор ишке ашырылат. Ошондой эле буга чейин башталган иштер улантылып, долбоорлорду толук кандуу аягына чыгаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөт.