Шумкар-Уя айыл өкмөтү чемпион Азиза Шумкаровага акчалай сыйлык тапшырды

20.07.2025, 14:00
13

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси жана айылдык кеңештин колдоосу менен айымдар арасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, АКШдагы эл аралык турнирдин эки жолку күмүш байге ээси, Азия чемпионатынын үч жолку коло медалисти Азиза Шумкаровага 50 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Бул сыйлык — мекенчилдикти, эмгекти жана спорттогу үзүрлүү жетишкендиктерди колдоонун бир белгиси. Аймактан чыккан жаштардын дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын таанытып жатышы жалпы эл үчүн сыймык.

Айыл өкмөт мындан ары да жаштардын өнүгүүсүн, спорттук жетишкендиктерин колдоого алат.