Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев аймактагы айыл имамдары менен жолугушуу өткөрүп, коомдогу актуалдуу маселелерди талкуулады.
Жолугушуу айыл тургундарын, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдү адеп-ахлакка чакыруу, ыйманга үндөө жана туура тарбияга багыт берүү максатында өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө зордук-зомбулук, уурулук, бангизат колдонуу жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери көтөрүлүп, биргелешип иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.
Бул багытта айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев айыл имамдарын жана тиешелүү кызмат өкүлдөрүн эл менен тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды.