Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө айыл башчылар жана мекеме жетекчилери менен жумушчу жыйын өттү

20.05.2025, 15:35
12

2025-жылдын 20-май күнү Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы айыл аймактагы айыл башчылар жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйындын негизги максаты — жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн өз убагында жана натыйжалуу чечүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын ыкчам иш алып баруусун камсыздоо, ошондой эле калк менен тыгыз иштөө боюнча иштерди күчөтүү болду.

Айыл өкмөт башчысы тарабынан төмөнкү негизги багыттар боюнча тапшырмалар берилди:

• айылдык инфратүзүмдү жакшыртуу;

• санитардык тазалыкты камсыз кылуу;

• коомдук тартипти сактоо;

• социалдык долбоорлорду өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруу.

Жыйындын жыйынтыгында бардык жетекчилер белгиленген тапшырмаларды өз убагында жана жогорку жоопкерчилик менен аткаруу милдетин алышты.

Айыл өкмөтү мындан ары да жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртуу жана коомдук иштерди өркүндөтүү боюнча ишин улантат.