Бүгүн, 17-сентябрда ӨКМнин Талас облусундагы башкармалыгы жана Талас районундагы бөлүмү тарабынан сел каптоо коркунучу болгон учурда “Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана башкаруу” темасында комплекстүү машыгуу өткөрүлдү.
Кырсык учурунда коргонууну үйрөткөн машыгууга Шумкар-Уя айыл аймагында болуп, муниципалдык жана тийиштүү мекемелердин кызматкерлери , тургундар активдүү катышып беришти.
Машыгууга оор техникалар да тартылды.