Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө коррупцияга каршы күрөшүү темасында тегерек стол өткөрүлдү

25.09.2025, 17:00
49

   КР Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы “2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” ПЖ №137 сандуу жарлыгына ылайык, Шумкар-Уя айыл аймагында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү максатында тегерек стол уюштурулду.

   Иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышып, анда мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары талкууланды. Тегерек столдун жүрүшүндө 
мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу,  жарандардын кайрылууларын өз убагында адилет кароо, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мыйзамды так сактоо эскертилди.  

Жыйынтыгында катышуучулар стратегияны ишке ашырууда өз салымын кошууга даяр экендигин билдиришти.