ШУМКАР-УЯ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АКСАКАЛДАР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ ШАЙЛАНДЫ

28.05.2024, 12:00
21

Бүгүн, 28-майда Шумкар-Уя айыл аймагындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүндө Аксакалдар Кеңешинин төрагасын шайлоо болду. Ага жалпысынан 16 делегат катышты. Анын ичинен 7 адам президиумга шайланып, жети адамдын бир добушу менен Сулайман Назаров Аксакалдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Жаңыдан Аксакалдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланган Сулайман Назаровду куттуктап, алдыдагы иштерине зор ийгиликтерди каалайбыз! Аракетке бай, жемиштүү иштерди алып баруусуна тилектешпиз.