Урматтуу жолоочулар жана автоунаа айдап жүргөн жарандар!
Биз жүргөн жол – бул жөн гана асфальт эмес,
ал биздин жерибиз жана табиятыбыз. Жол боюнда ыргытылган ар бир таштанды
таза абаны булгайт, жерди ууландырат,
жаратылышка жана адамдын саламаттыгына
орду толгус зыян келтирет.
Ошол үчүн биз жол боюна атайын таштанды челектерин орноттук. Бул – сиз менен биз үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк.
Таштандыны терезеден ыргытпайлы!
Бир нече метр жүрүп, челектин ичине салалы!
Табиятка аяр мамиле кылууну өзүбүздөн баштайлы!
Таза жол – маданияттуу элдин белгиси.
Таза жаратылыш – балдарыбызга калчу мурас.
Келиңиздер, жолдо жүрүп баратканда жаратылышты булгабайлы!
Ар бир таштандыны өз ордуна таштайлы!
Жаратылышты сактоо – ар бирибиздин милдетибиз!