Бүгүн, 1-апрелде Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев 2024-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча жергиликтүү тургундарга отчет берди. Жолугушууда бүткөрүлгөн долбоорлор, социалдык жана инфраструктуралык жетишкендиктер тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле алдыда жасала турчу иштер жана курулушу пландаштырылган объектилер боюнча да кеңири баяндалды.
Жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү тургундар айыл өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык деп баалап, башчынын мындан аркы иштерине ийгилик каалашты. Аксакалдар батасын берип, ынтымакты сактоо аркылуу аймактын бардык социалдык муктаждыктарын биргеликте чечүүгө чакырышты.