Талас районунда жашаган элет калкы үчүн кубанычтуу кабар. Шумкар-Уя айыл өкмөтү сатып алган электробус каттамга чыга турган болду. Бүгүн иш башы катары райондун акими Нургазы Нармырзаев, айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Боркеев , айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар Талды-Булак айылында чогулуп, электробуска түшүп, жол жүрүштү.
Шумкар-Уя айыл өкмөтү 40 орундуу электробусту жергиликтүү бюджет аркылуу 16 млн.920 миң сомго сатып алган. Себеби Талас шаарына барууга жол алыс болгондуктан, жол кире да кымбат болуп айыл калкына кыйынчылык жаратып келген. Эми бул көйгөй айылдык кеңештеги депутаттардын колдоосу жана айыл өкмөт башчынын аракети менен чечилди.
Электробустун жол акысы арзан болот. Пенсионерлерге жеңилдик каралган. Күнүгө 2 жолу Талды – Булактан Талас шаарына барып келет.