ШУМКАР-УЯ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАҢЫ ИМАРАТЫ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ АЧЫЛДЫ

17.04.2025, 17:10
4

Бүгүн, 17-апрелде Талас облусунун Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл аймагында жаңы айыл өкмөтүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул ири социалдык объект жергиликтүү бюджеттин эсебинен толугу менен каржыланып, курулуш иштерине жалпы 58 миллион сом бөлүнгөн.

Эки кабаттуу заманбап имаратта айыл өкмөтүнүн кеңсеси, "Айыл Банк" мамлекеттик банкынын бөлүмү жана Калкты тейлөө борборунун (КТБ) филиалы жайгашып, жергиликтүү элге ыңгайлуу жана ыкчам кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары – Марат Мураталиев, Дастан Джумабеков, Гулкан Молдобекова, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары Эмил Тажыканов, Шумкар – Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиев Бакыт, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев ошондой эле жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Жаңы имараттын ачылышы – бул Шумкар-Уя айылынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу багытында жасалган олуттуу кадам. Бул курулуш аймактын тургундарына мамлекеттик кызматтарды бир жерден, ыңгайлуу жана тез арада алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ошондой эле, заманбап шарттагы кеңселерде иш алып баруу жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.