Шумкар-Уя менен Каркыра айыл өкмөттөрү достук кызматташтыкты бекемдеди

19.12.2025, 13:18
3

Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аппараты жана айылдык кеңештин депутаттары 3 күндүк иш сапар менен Түп районунун Каркыра айыл аймагында болуп келишти.

Делегацияны айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айыл кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жетектеди. Сапардын алкагында делегация Түп районунун Каркыра айыл өкмөтүндөгү аткарылып жаткан социалдык-экономикалык, маданий , өндүрүш жана туризм тармагындагы долбоорлор менен жеринде таанышышты. Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп , натыйжада Каркыра менен Шумкар-Уя айыл өкмөтү ортосунда «Достук жана кызматташтык» тууралуу меморандумга кол коюлду.

Иш-сапардын жыйынтыгында Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев Каркыра айыл аймагындагы жетекчилерге жана айылдык кеңешке ыраазычылык билдирип, делегация үчүн жакшы тажрыйба болгонун белгилешти.

Келечекте Каркыра айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттары тажрыйба алмашуу максатында Таласка иш сапар менен келүүнү пландап жатышканын да билдиришти.

Белгилей кетсек тажрыйба алмашуу жана кызматташууга багытталган мындай жолугушуулар айыл аймактарды өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт