ШУМКАР-УЯДА 1000 ТОННАЛЫК КӨМҮРКАНА АЧЫЛДЫ!

31.08.2025, 15:40
22

Бүгүн 31-августта Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык-Булак айылында 1000 тонналык көмүркана ачылды. Аталган объекти айыл калкын көмүр менен камсыздоо максатында айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жетектеген депутаттардын бирдиктүү аракети менен салынды. Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен жумшалды.

Белгилей кетсек, депутаттардын колдоосу менен айыл өкмөтү тарабынан жылда көмүр ташылып келип, жергиликтүү жашоочуларга арзан баада сатылып келген. Эми 1000 тонналык кампага көмүр кенен жыйналып, суу тийбеген жерде сакталат.