ШУМКАР-УЯДА 179 ОКУУЧУ МЕКТЕП БОСОГОСУН АТТАДЫ

02.09.2024, 14:40
24

Бүгүн, 2-сентябрда Шумкар-Уя айыл аймагында билим күнү белгиленди. Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кыдыралиев Кеңеш айылындагы Г. Орозалиева атындагы орто мектебине барып, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы - Билим күнү менен куттуктады.

Айыл өкмөт башчысы өз сөзүндө окуучуларга талыкпай билим берип келе жаткан жалпы агартуучуларга терең ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, иштерине зор ийгиликтерди каалады. Ошондой жаңыдан мектеп босогосун аттап жаткан окуучуларга кең келечек каалап, билим берүү мекемелерине жергиликтүү бийлик тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Майрамдык иш-чара мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа коштолду.

Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата Шумкар-Уя айыл аймагынан жалпы 179 окуучу 1-класска барды.