24-октябрда Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык-Булак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгын ишке ашыруу максатында “Айыл кечтери” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Б. Сарногоев атындагы маданият үйүндө болуп өтүп, ага айылдын таланттуу жаштары, өнөрпоздору, маданият тармагындагы кызматкерлер жана шайыр апалар катышышты. Сахнада ар түрдүү чыгармалар аткарылып, улуттук бийлер жаңырды.
Майрамдын алкагында улуттук тамак-аштардын түрлөрү жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду.
Иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды даңазалоо, маданий мурастарды сактоо жана жергиликтүү коомчулуктун биримдигин бекемдөөгө багытталды