ШУМКАР-УЯДА БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

31.05.2024, 12:00
12

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн 31-майда Шумкар-Уя айыл аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин башталгыч класстын окуучуларына жана бала бакчада тарбияланып жаткан бөбөктөргө майрамдык маданий иш-чара уюштурулду.

Келечек ээлери болгон балдарга арналып майрамдык белектер, балмуздактар таркатылды. Мындай демилгени айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев көтөрүп, каржылык колдоо Альянс Алтын компаниясы тарабынан жүргүзүлдү.

Буга кошумча иш-чарада концерттик программа коюлуп, аниматорлордун коштоосунда балдарга көңүлдүү маанай тартууланды.