Шумкар-Уяда эркин күрөш боюнча чоң мелдеш өттү

12.04.2025, 16:30
18

Шумкар-Уя айыл аймагында Сүйөркул уулу Качкынбайдын жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча III республикалык турнир ийгиликтүү өттү.

Бул ирет мелдешке 15 жашка чейинки өспүрүм балбандар катышып, ар бир салмак категориясында күч сынашты. Турнир жаш балбандар үчүн чыныгы спорт майрамына айланды.

Сүйөркул уулу Качкынбай атындагы бул турнир анын уулдары тарабынан уюштурулуп келет. Быйыл мелдеш айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин колдоосу менен өтүп, байге фондуна 100 миң сом бөлүнгөн.

Сүйөркул уулу Качкынбай — бул аймактан чыккан көрүнүктүү спортчу, СССРдин университеттер аралык Самбо боюнча чемпиону жана спорт чебери болгон. Анын ысымы жаш спортчулар үчүн үлгү болуп саналат.

Мелдештин жыйынтыгында 1-, 2-, 3-орундарды алган балбандарга медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.