Шумкар-Уя айыл аймагынын Сасык-Булак айылындагы көмүрканада Кара-Кечеден ташылып келген көмүр арзандатылган баада 1 килограммы 5 сом 50 тыйындан сатылып баштады.
Бул иштер айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиевдин демилгеси жана айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Максаты, кыш мезгили алдында элди сапаттуу, жеткиликтүү баадагы көмүр менен камсыз кылуу.
Айыл өкмөтүнүн менчигиндеги атайын техникалар Кара-Кече кенине жөнөтүлүп, ата мекендик көмүр түздөн-түз ташылып келүүдө. Мындай демилге былтыр да ийгиликтүү уюштурулган.
Тургундарга көмүрдү тегиз жеткирүү үчүн учурда ар бир үй-бүлөгө 500 килограмдан гана сатылып жатат. Бирок ташуу иштери мындан ары да улантылат.
Белгилей кетсек, көмүрдү туура сактоо максатында быйыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1000 тонналык көмүркана курулган