Сасык-Булак айылында заманбап ордо комплекси ишке берилди. Ачылыш аземине Талас районунун акими Байышбек Астанакулов, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеӊештин депутаттары, тургундар жана ордо спорттунун күйөрмандары катышты. Өз кезегинде жетекчилер аталган обьектинин курулушу элеттеги ордо спортун өнүктүрүүгө чоӊ өбөлгө түзөөрүн белгилешти.
Ордо спорттун өнүктүрүүгө жашкы шарттарды түзүп берүүнү айыл өкмөтү жана айылдык кеӊештин депутаттары колдоп беришкен. Натыйжада жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 млн.900 миӊ сом каржыланып, 2 аянтчасы бар чоӊ ордо комплекси пайдаланууга берилди.
Заманбап ордо комплексине спорттун ардагери, маркум Өмүрбек Качкыналиевдин ысымы ыйгарылды. Ал 1957-жылы Кеӊеш айылында туулган. Спорт жана билим тармагында эбегейсиз эмгек жасап, элге таанылган. Өмүрбек Качкыналиев Кыргыз Республикасынын дене-тарбия жана спорт тармагынын отлични, ошондой эле билим берүүнүн да отличниги наамдарынын ээси болгон.
Ачылыш аземинин соӊунда Талас облусундагы ордочулар арасында чоӊ мелдеш өттү. Жеӊүүчүлөргө Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеӊештин «Ыраазычылык каттары» тапшырылды.