ШУМКАР-УЯДА ТУРИСТТЕР ҮЧҮН МААЛЫМАТ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

05.08.2024, 12:00
42

Шумкар-Уя айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Талды-Булак айылында туристтер үчүн маалымат борбору ачылып, ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.

Өтмѳктү ашып, Таласка кире берген Талды-Булак айылында ачылган туристтер үчүн маалымат борбору Түштүк Кореянын элчилигинин колдоосу менен "Койка" агенттигинин каржылоосу менен 750 миң сом акча каражаты бөлүнүп, MDK Silkroyd корпорациясынын туризмди ѳнүктүрүү долбоорунун алкагында ачылды.

Маалымат борбору этно маанайда жасалгаланып, Талды-Булак айылындагы "Био kg" органикалык аймакта өндүрүлгөн продукциялар коюлган. Мындан тышкары Талас облусундагы туристтик эс алуу жайлары тууралуу маалымат базасы жайгашкан.

Аталган долбоордун алкагында айылдагы 5 конок үйгө өзүнчө каражат бөлүнүп берилип, натыйжада туристтер жана башка меймандар токтоп эс ала турган үйлөрдүн санитардык зоналары оңдолуп, заманбап талапка ылайык жасалды. Маалымат борборунда тыныгуу залы, тамактануу жайы бар.