Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн демилгеси менен айыл тургундары үчүн салттуу “Түшүм майрамы” уюштурулду. Иш-чара спорттук оюндар менен коштолуп, депутаттардын колдоосу аркылуу жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом байге каралды. Ошондой эле "Альянс Алтын" компаниясы да демөөрчүлүк көрсөттү.
Майрамдык иш-чарага айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев катышып, элди түшүм майрамы менен куттукташты.
Спорттук оюндар Талды-Булак жана Сасык-Булак айылдарында өттү. Тургундар ат оюндары , көк-бөрү, эр эңиш, улуттук күрөш жана башка мелдештерге катышып, акчалай байгелерди утушту.
Майрамдын алкагында боз үйлөр тигилип, келген конокторго дасторкон жайылып, маданият кызматкерлери тарабынан ыр-күүлөр тартууланды.
Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл өкмөтү бул иш-чараны жыл сайын түшүм жыйналгандан кийин элди чогултуп, аларга эс алуу тартуулоо максатында өткөрүп келет.