Эгемендүүлүк күнүнө карата Сасык-Булак айылындагы Шумкар-Уя үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты ишке берилди. Ачылышы аземине айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев жана депутаттар катышты.
Белгилей кетсек, ак халатчандардын имараты 34 жыл мурда пайдаланууга берилген. Андан бери эскиргендиктен, быйыл заманбап шарттарды түзүп берүүнү айыл өкмөтү жана депутаттар колдоп, жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүшкөн. Анын негизинде имарат капиталдык оңдоодон сапаттуу өткөрүлүп, мурда жок шарттардын баары камсыздалды.