ШУМКАР-УЯДАГЫ КУРУЛУШТАР ТЫКЫР КӨЗӨМӨЛДӨ

10.07.2025, 15:20
2

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында айыл чарба, социалдык, спорт, билим берүү жана өндүрүш багытындагы бир катар маанилүү курулуш иштери жүрүп жатат. Бул иштерди айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев тыкыр көзөмөлгө алып, курулуштардын сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурууда.

Жетекчи подряддык ишканаларга ишти сапаттуу жана белгиленген графикке ылайык аткаруу талабын коюп, жоопкерчиликтерин эскертти. Ошондой эле курулуш иштерине тоскоолдук жараткан маселелерди ыкчам чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Шумкар-Уя айыл аймагындагы бардык курулуш жана оңдоп-түзөө иштерине акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүдө.