Шумкар-Уя айыл аймагындагы А.Бөрүбаев атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Хаписова Адинай жалпы республикалык тестирлөөдөн 200 балл алды. Мектептин директору Эржан Асранов .
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча А.Бөрүбаев атындагы орто мектеби Талас районундагы билим уяларды артта калтырып, 1-орунга чыкты. Орточо упай 150 баллды түздү. Ал эми эң жогорку балл 200 болуп, ал ийгиликти айылдын мыкты бүтүрүүчүсү АДИНАЙ ХАПИСОВА жаратты.
Эске салсак бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына да ээ болгон.
Белгилей кетсек, айыл өкмөтү тарабынан аталган окуучуга Айфон 15 , ата-энесине 100 миң сом жана мектеп директору менен мугалимине Дубайга барып эс алып келүүгө сертификаттар тапшырылган.
Айыл өкмөтү депутаттар менен бирге Шумкар-Уя айыл аймагындагы мектептердин муктаждыгын чечип, билим тармагын жакшыртуу боюнча иштерди күчөтүүдө .