ШУМКАР-УЯДАГЫ МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

26.05.2025, 14:14
7

Бүгүн, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев , айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев аймактагы Хан-Бүргө жана Гүлай Орозалиева атындагы орто мектептерге барып, акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Өкмөт башчы менен төрага быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүн куттуктап , мындан аркы кадамдарына ийгилик каалашты.

Ал эми спортто чоң ийгилик жараткан 5 окуучуга айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты жана ар бирине 40 000 (кырк миң ) сомдон акчалай сыйлык берилди.

Ошондой эле аталган эки мектептин мыкты мугалимдерине Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн ардак грамоталары тапшырылды