ШУМКАР-УЯДАГЫ ЖАЙЫТТАРГА ҮРӨН СЕБИЛДИ

18.03.2025, 19:00
4

✔️Шумкар -Уя айыл аймагындагы кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрү себилди.

✔️Жайыт үрөнү КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген.

✔️Жайыт үрөндөрүн себүү иштерин тийиштүү адистер жүргүздү . Талап боюнча аталган аймак 3 жыл малдан корулушу керек.

✔️Кунарсыз жайыттар көктөп калыбына келсе, аталган айылдын малчыларына жакшы шарт түзүлөт .