Шумкар-Уядан үлгү алгысы келгендер көп…

05.11.2025, 12:58
4

3-ноябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы, депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери 2 күндүк иш сапары менен Шумкар-Уя айыл аймагында болушту. Аталган делегация аймакты өнүктүрүүдөгү ийгиликтүү аракеттерди үйрөнүү жана өз ара тажрыйба алмашуу максатында жеринен таанышуу үчүн келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө делегация алгач Шумкар-Уяда ишке ашып жаткан ири долбоорлор ,курулуштар жана «Жерүй» алтын кени менен да таанышышты. Андан соң тегерек стол өтүп, айыл аймакты өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча пикир алмашуу болду.

Каргалык айыл аймагынан келген коноктор Шумкар-Уядагы өзгөрүүлөргө жана өнүгүүгө жогору баасын беришти. Алардын айтымында, өздөрүндө «Макмал» алтын кени казылып жатканына карабастан, Шумкар-Уядагы иштер системалуу жана натыйжалуу жүргүзүлүп жатканын көрүү чоң таасир калтырган.

Жыйынтыгында коноктор Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысына, кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин төрагасы менен депутаттарга ийгилик каалап, бул сапар өз ара өнүгүүгө түрткү боло турган жемиштүү тажрыйба болгонун белгилешти.