ШУМКАР-УЯНЫН БАЛБАНДАРЫ ЧОҢ ИЙГИЛИКТЕРДИ ЖАРАТУУДА

04.06.2024, 12:00
18

Шумкар-Уя айыл аймагына караштуу Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарындагы өспүрүмдөрүн спортто жараткан ийгиликтерине колдоо көрсөтүлдү.

Мындай чечимди айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев жана Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Боркеев баш болгон депутаттык жамаат колго алып, жогоруда аталган өспүрүмдөрдү кызыктыруучу белектер, акчалай сыйлык жана ардак грамоталар менен сыйлады.

Бул колдоо айылдагы жаш балбандардын спортко болгон кызыгуусун дагы арттыруу максатында көрсөтүлдү.

Күрөштө ийгилик жараткан 3 өспүрүмгө велосипед, 5 спортчуга 5000 сомдон акчалай берилди. Мындан тышкары машыктыруучусу КРнын спорт чебери Насир уулу Бексултанга электромопед жана ыраазычылык кат тапшырылды.

Шумкар-Уянын өспүрүм балбандарынын спорттогу жетишкендиктери:

Акбар Аманбеков 48 кг боюнча кыргыз күрөш боюнча облустун 2 жолку жеңүүчүсү, "Мен чемпион" аттуу республикалык спартакиаданын жеңүүчүсү, өспүрүмдөр арасында кыргыз күрөшү боюнча республиканын чемпиону, ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирдин 3-орундун ээси, облустун жеңүүчүсү.

Абдурахман Анарбаев (52 кг)

Кыргыз күрөшү боюнча Талас облусунун 3 жолку чемпиону, республиканын чемпиону жана Астанада өткөн эл аралык турнирдин катышуучусу

Айдар Тураров ( 41кг)

Грек-рим күрөшү боюнча облустун чемпиону, республикалык турнирдин жеңүүчүсү, кыргыз күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону

Нурел Салмуратов (33кг)

Кыргыз күрөш боюнча облустун 2 жолку чемпиону, өспүрүмдөр арасындагы республикалык турнирдин жеңүүчүсү

Абдукерим Кеңешов (30кг)

Грек-рим күрөшү боюнча облустун 3 жолку чемпиону, республикалык турнирдин жеңүүчүсү, Эл аралык турнирде 3-орундун ээси, кыргыз күрөшү боюнча облустун жана республиканын чемпиону. "Сен мыктысың" долбоорунун жеңүүчүсү

Алинур Жолчубеков (25кг)

Эл аралык турнирдин жеңүүчүсү ( Жалал-Абад шаары), республикалык турнирдин жеңүүчүсү, облустун 3 жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча облустун жана республиканын чемпиону

Алихан Качкынбаев (30 кг)

Эркин күрөш боюнча областын 2 жолку жеңүүчүсү ошондой эле кыргыз күрөш боюнча республикалык чемпионаттын күмүш байгесинин ээси

Нуркелди Оторбаев (90кг) салмакта кыргыз күрөшү боюнча республикалык турнирдин күмүш байгесинин ээси. Алыш күрөшү боюнча республиканын жеңүүчүсү, жаштар арасында дүйнө чемпионатынын катышуучусу, бел боо күрөшү боюнча республиканын жеңүүчүсү.

Белгилей кетсек, Шумкар-Уя айыл өкмөтү аймактагы спортчуларды колдоп, жаштарга дем берип келүүдө.