ШУМКАР-УЯНЫН БИЙЧИ КЫЗДАРЫ КАЗАКСТАНГА БАРЫП ГРАН-ПРИНИ УТУП КЕЛИШТИ

03.07.2024, 12:00
14

30-июнда Казакстандын Алматы шаарында өткөн “На высоте” фестивалына Таластагы “Айкөл” бий академиясынын Шумкар-Уя филиалындагы бийчилери да барып катышып келди. Эл аралык деңгээлдеги фестивалга академиянын бийчи кыздары мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 30дан ашык команданын арасынан 1-2 орунга ээ болушту. Ошондой эле баш байге Супер Гран-Прини да жеңип алышты.

Бийчи кыздардын бул жолу сапарына Шумкар-Уя айыл өкмөтүнөн колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду башкы демөөрчү болгон. Жаш өспүрүмдөрдү кубаттап, дем берген демөөрчүлөргө бий академиясынын жетекчиси ыраазычылыгын билдирди.