Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджети бекитилди. Сессияны жергиликтүү кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев ачып, жаңы жылга бекитилип жаткан бюджет калктын керектөөсүн камсыздап айыл аймактын өнүгүшүнө зор салым кошоорун баса белгиледи.
Айылдык кеңештин сессиясында "Шумкар Сервис", "Шумкар Тазалык" муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана мектеп, бала-бакчалардын директорлору 2025-жылдагы отчетторун беришти. Ошондой эле айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев да баяндама жасап 2026-жылга аткарылуучу иш пландары менен бөлүштү.
Жыйынтыгында өкмөт башчынын 2025-жылдагы аткарылган иштери жалпы депутаттар тарабынан канааттандыраарлык деп табылды. Өз кезегинде эл өкүлдөрү айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин ишине ийгилик каалашты.