Бүгүн 18-мартта Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундарына ооз ачыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Талас шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында 120дан ашык кишиге дасторкон жазылып, сый тамак тартылды .
Ооз ачарга айыл аймактын аксакалдары , ата-апалар чакырылды.
Ооз ачарды Жерүй кенин иштеткен "Альянс Алтындын" подрядчы компанияларынын бири болгон "АRT BLAST GROUP" компаниясы уюштурду .
Иш-чарага аталган компаниянын өкүлдөрү, Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары жана төрагасы Алтынбек Борукеев катышып, айыл калкын ыйык Орозо айы менен куттукташты.