ШУМКАР-УЯНЫН ЖАШ БАЛБАНДАРЫ ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРУУДА!

01.11.2025, 12:54
2

Спортто ийгилик жаратып, Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада коргоп келаткан жаш балбандарыбызды куттуктайбыз! 🇰🇬

👏 Кеңешов Абдыкерим — Эстониянын Раквер шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Ошондой эле Норвегиянын Осло шаарында өткөн эл аралык турнирде 35 кг салмак категориясында жеңүүчү аталды!

👏 Жолчубеков Алинур — Эстониянын Раквер шаарындагы өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште 29 кг салмакта күмүш медаль тагынды. Ал эми Норвегиянын Осло шаарындагы эл аралык мелдеште жеңүүчү болду!

👏 Оторбаев Нуркелди — 90 кг салмакта белбоо күрөшү боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү болуп, чоң жетишкендикке жетти!

Бул жаш балбандарыбызды чын жүрөктөн ийгиликтери менен куттуктайбыз! 🎉

☝️ Спортчуларыбыздын ийгилигинде зор эмгеги бар машыктыруучу Насир уулу Бексултанга терең ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы ишине ийгиликтерди каалайбыз.

☝️ Ошондой эле аймактагы спорттун өнүгүшүнө жана жаш спортчуларды колдоого чоң салым кошуп жаткан айыл өкмөт башчысы Бакыи Кыдыралиевге жана жергиликтүү депутаттарга терең ыраазычылык билдиребиз.