СПОРТ ЖААТЫНДАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ИЙГИЛИК

16.11.2024, 13:04
47

2024-жылдын 10-13-ноябрь күндөрү Татарстан Республикасынын Казань шаарында күрөштүн алыш бел боо түрү боюнча дүйнөлүк биринчилик болуп өттү. Спорттук мелдеш "Ак Барс" күрөш сарайында уюштурулду. Ага дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн мыкты балбандар чогулуп, өз салмак категориясында күч сынашты.

Дүйнө чемпионаты эки стилде: эркин жана классикалык түрдө өттү. Мелдештин жыйынтыгында 90 кг арасындагы балбандардын ичинен Шумкар-Уя айыл аймагынын Кеңеш айылынан барган балбаныбыз Нуркелди Оторбаев 3-орунду багындырды. Шумкар Уя айыл өкмөтү балбанга толук каржылык колдоо көрсөттү.

Нуркелди Оторбаевдин кезектеги ийгилиги менен куттуктап, спорттук карьерасына аракетке бай жигер тилеп, зор ийгиликтерди каалайбыз!