Сугат иштери өз убагында жүрүшү керек – Шумкар-Уяда ирригация маселеси талкууланды

13.05.2025, 15:20
13

Шумкар-Уя айыл аймагында сугат сууну элге тегиз жана өз убагында жеткирүү максатында ирригация маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.

Бүгүн, ушул максатта, айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев Талас райондук жана облустук суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери менен жолугушуп, сугат суу маселесин жеринде талкуулашты.

Жолугушууда учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору каралып, суу жеткирүү системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттер пландалды. Жетекчилер кырдаалды жеринен көрүп, координацияланган иштерди жүргүзүүдө.

Аймак тургундары үчүн сугат суунун үзгүлтүксүз камсыздалышы – айыл чарбасын ийгиликтүү жүргүзүүнүн негизги шарттарынын бири катары белгиленди.