Талас облусунда 43,15 гектар жер «запас жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттардагы жерлер» категориясына которулду

17.01.2025, 15:20
7

Талас облусунда 43,15 гектар жер «запас жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттардагы жерлер» категориясына которулду

Бул тууралуу 2024-жылдын 30-декабрында чыккан №818 токтомдо айтылат.

Документке ылайык, жер тилкелери Талас районундагы Шумкар-Уя жана Чоң-Алыш айыл аймактарынын аймагында жайгашкан. Бул чечим аймакта гидроэлектростанция жана суу сактагыч куруу алкагында кабыл алынган.

Шумкар-Уя айыл аймагында төмөнкү жерлер которулган:

• 1,65 гектар суу сактагыч үчүн;

• 2,6 гектар гидроэлектростанция үчүн;

• 1,3 гектар суу түтүктөрүн орнотуу үчүн.

Чоң-Алыш айыл аймагында которулган жерлер:

• 3,7 гектар суу сактагыч үчүн;

• 31,8 гектар түтүк тартуу үчүн.

Жергиликтүү бийликтерге жер тилкелери боюнча документтерге өзгөртүү киргизүү, жерлерди максаттуу пайдаланууну камсыздоо, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана аймакты сейсмикалык коргоо чараларын караштыруу тапшырылды.

Эгерде жерлер максатсыз пайдаланылса же өздөштүрүлбөсө, алар кайтарылып алынып, мурдагы абалына келтирилет.

Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.