Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтү аймагындагы ички жолдорду асфальт кылууда.

16.09.2024, 11:40
68

Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтү аймагындагы ички жолдорду асфальт кылууда. Бүгүнкү күнгө карата Кара-Ой айылындагы жолдорго туурасы 6 метр, калыңдыгы 6 см асфальт басылды. Учурда жолдун бир тарабына тротуар салуу , экинчи тарабына суу өтө турган лотокторду орнотуу жүрүп жатат. Жергиликтүү бюджеттен 76 млн сом каржыланып , ага бул айылдагы 5054 метр аралыктагы жолго асфальт төшөлдү. Жумуштарды келишимдин негизинде №36 жол тейлөө мекемеси аткарууда.

Ички жолдорду асфальт кылууну айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин депутаттары демилге кылып, биргеликте ишке ашырууда. Өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиевдин айтымында план боюнча алдыда Шумкар-Уя айыл аймагына караган бардык айылдардын ички жолдору асфальт болуп жасалат.

Белгилей кетсек, айматктын тарыхында ички жолдору асфальт болгон эмес.