Таласка Алтайдан алынып келинген маралдардын сегизи төлдөдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Талас регионалдык башкармалыгынан билдиришти.
«Беш-Таш» жаратылыш паркына Алтайдан алынып келинген маралдардын 8 төлдөдү. Бизге келгенче маралдар 2 жылдык болуп келишкен. Бул жактан быйыл гана 8 төлдөдү. Жалпы 35 баш марал алынып келинген. Улам саны көбөйүшүнө, аларга байкоо жүргүзүү үчүн толук шарттар түзүлгөн. Арасында бооздорун дагы көп байкап жатабыз. Келе жаткан жылы дагы көп төл болот деп турабыз», - деп айтылат маалыматта.
Быйыл июль айында маралдардын бешөөсү төлдөгөнү белгилүү болгон.
2022-жылы 1-майда Алтайдан Талас облусуна 35 баш марал алынып келинген. Маралдар Талас районуна караштуу Беш-Таш коругуна кое берилген. Аларды алып келүүгө демөөрчүлөр тарабынан 2,5 миллион сом бөлүнгөн.
2023-жылы июль айында маралдарды көзөмөлдөө жагын КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзөрү кабарланган. Аталган башкармалыктын кызматкери, аңсакчы Азамат Эсенаалы уулу бүгүнкү күндө маралдардын төлдөп баштаганын билдирген.
Анын айтымында, Алтай жергесинен алынып келген жаныбарлар 3-4 ай Беш-Таш коругунда алгач тор менен тосулуп, кароодо болгон жана жер шартына бат эле көнүп кетишкен. Алар Беш-Таш жайлоосунун төрүнө чейин жайылып жүрүшөт. Топ-топ болуп бөлүнүп жүргөн маралдарды жергиликтүү чабандар дайыма көрүп турушат. 2023-жылдын июнь айларында маралдар төлдөп баштаган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашимов аларды Кыргызстандын башка аймагындагы маралдар менен аргындаштыруу пландалып жатканын маалымдаган.
«Мурун маралдар кыргыз жергесинде көп болгон. Анын ичинде Талас облусунда дагы көп эле. Буга мисал, Таласта Үйүр-Марал аталышындагы тоо, айыл бар. Бирок архивдик документтерге таяна турган болсок, Талас өрөөнүндө маралдар акыркы жолу 1949-жылы Күмүштак жайлоосунан Чаткал тарапка ашып бара жатканы жазылып калган. Андан кийин Таласта марал жок болуп кеткен десек болот. Дээрлик 70 жылдан кийин Талас жергебизге кайрадан маралдарды алып келгенбиз. Мына ошол маралдардын башы көбөйүп, төлдөп башташты. Эми аларды Кыргызстандын башка аймагындагы маралдар менен аргындаштыруу пландары бар», - деген ал.