ТАЛАСКА ЧӨП ЧАПКАН ЖАҢЫ ТЕХНИКАЛАР КЕЛДИ

19.07.2024, 12:00
18

Белорус өндүрүшөн чыккан жаңы техникаларды Талас районунун Шумкар-Уя айыл өкмөтү сатып алды. 2 чөп чаба турган (жатка) комбайн айыл өкмөтүнүн “Калыстык МТЗ” ишканасына берилди.

Айыл аймактын муниципалдык ишканасында азыр жаңы үлгүдөгү 30дан ашык айыл чарба техникалары бар. “Калыстык МТЗ” ишканасы жүгөрү чаба турган комбайн, кубаттуу тракторлор жана башка зарыл техникалар менен толукталган.

Айыл калкы чөп, буурчак, картошка жана эгин көп айдагандыктан аталган техникалардын пайдасы чоң.