ТАЛАСТАГЫ АКЫН ЖАЗУУЧУЛАРГА АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

22.06.2024, 12:00
12

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Б.Сарногов атындагы маданият үйүндө "Улуттун улуу инсандары" сынагы өттү.

Райондук деңгээлдеги сынакка жергиликтүү жазма акындар катышты .

Кароо-сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына карата уюштурулду.

 Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөргө баш байге, 1-2-3-орундарга диплом жана акчалай тапшырылды. Ошондой эле акын жазуучулар кызыктыруучу сыйлыктар менен да сыйланышты.