ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛЫНДАГЫ БАЛА БАКЧА КЕҢЕЙТИЛДИ

27.06.2025, 16:00
4

🔶Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттарынын колдоосу жана айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиевдин аракети менен Талды-Булак айылындагы “Кошойбек ата” бала бакчасы кеңейтилди. Жергиликтүүлөрдүн кубанычын Шумкар-Уя айылдык кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев баштаган депутаттар жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бөлүшүп, кошумча корпустун ачылышын жасашты.

🔶Тагырагы эски мектептин имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, бала бакчага бүт шарты менен 50 орундуу кошумча бөлмөлөр кошулду. Натыйжада 130 орундуу эски бала бакча 180 орундуу болуп кеңейтилди. Жалпы курулушка жергиликтүү бюджеттен 3 млн.600 миң сом каржыланды. Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан 626 миң сомго жаңы эмеректер менен камсыздалат.

🔶Ачылыш аземинин жыйынтыгында курулушка салым кошкондор сыйланды.