Талды-Булактагы көпүрө көйгөйү чечилди

19.06.2025, 10:50
5

Талды-Булак айылындагы кооптуу абалда турган көпүрө толугу менен реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Жаңыдан бекемделип салынган көпүрөнү жергиликтүү тургундар кубануу менен кабыл алып, ачылышы жасалды.

Көпүрө Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев жана айылдык кеңештин төрагасы Алтынбек Борукеев башында турган депутаттардын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолду.

Эске салсак былтыр катуу жааган жамгырдан улам көпүрөнүн бир тарабын суу алып кетип, оңдоо зарылдыгы жаралган.

.

Эми бул көйгөй толук чечилип, тургундардын жүрүп-турушу үчүн коопсуз шарт түзүлдү.