Бүгүн, Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө мектеп , бала бакчалардын директорлору, муниципалдык ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт кызматкерлери катышкан чогулуш өткөрүлдү.
Чогулушта айыл өкмөт башчы Бакыт Кыдыралиев кыш мезгилиндеги жылуулук берүү системасын тыкыр көзөмөлдөө, электр энергияны үнөмдөө жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой шайлоого, үгүт иштерине аралашпоо боюнча катуу эскертти .
Жыйындын экинчи бөлүгү сыйлоо аземи менен коштолду . Ишиндеги жигердүү аракети жана айылдагы билим берүүгө кошкон салымы үчүн Г.Орозалиева атындагы орто мектебинин директору Арыкбаева Кенжекан Кадыркуловнага КР Жогорку Кенешинин төрагасынын Ардак грамотасы тапшырылды.