Сиздерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен чын дилимден куттуктайм. Сиздер өткөндү жана келечекти байланыштырган алтын көпүрөсүздѳр. Кыргыз журту тамыры терең тарыхында бирде татаал, бирде бейпил учурларды баштан кечирип, нечендеген таштак жол, тайгак кечүүлѳрдү басып ѳттү. Мындай түйшүктүү жолдо элибиз улуулугун жоготпой, улуттук баалуулуктарыбызды муундан муунга өткөрүп берүүдө өз тилин, нарк-насилин, кѳѳнѳрбѳс маданиятын, кыргыз иденттүлүгүн сактап кала алды.
Улуттук наркка ылайык, эзелтен элибиз карыларыбызга чоң сый-урмат кѳрсѳтүп, аздектеп келишкен. Анткени карылардын турмуштук тажрыйбасы, айткан асыл кептери жаштар үчүн караңгыда шам чырак, жыгыларда жѳлѳгѳн тирек, кыйын кезеңде жол кѳрсѳткүч болуп келген. Андыктан улуу муун ѳкүлдѳрүн бир жылда бир жолу эмес ар дайым эстеп туруу, сый-урмат көрсөтүү, аларды камкордукка алуу ар бир кыргыз атуулунун улуу милдети деп билем.
Урматтуу улуу муун өкүлдөрү! Сиздердин бактылуу жашоо менен камсыз кылууга бар аракетибизди жумшайбыз. Бул багытта үзгүлтүксүз социалдык кызматтарды жана долбоорлорду ишке ашырууну улантабыз. Сиздерге чың ден соолук, сергек жашоо, узун өмүр жана бактылуу карылык каалайм. Ар убак төрүбүздүн көркү болуп жүрө бериңиздер!
Сиздерди терең урматтап, Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович