Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Талды-Булак айылындагы «Үч-Кошой» каналынын абалы начар болгондуктан, ал аркылуу өткөн суу 3 гектар жерди жууп кетип, түшүм алынбай калган. Мындан тышкары, айрым турак жайларды суу каптап, жашоочулардын үйлөрүн жараксыз абалга алып келген. Натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 35–40% га төмөндөп, олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул көйгөйдү чечүү максатында 900 метр каналдын бир капталы 30 см бийиктикте көтөрүлүп, бетондоо иштери жүргүзүлдү.
Курулуш материалдарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 миң сом каржыланды.
Бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ишке тартылды. Аларга эмгек акысынын ордуна 6 кап ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилди.
Натыйжада айылдагы суу ташкындоо жана ашыкча нымдуулук көйгөйү чечилди.