Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Сиздер бир гана очоктун куту болбостон, эмгек майданында да талыкпай иштеп, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө татыктуу салым кошуп келесиздер. Сиздердин сабырыңыздар, эмгекчилдигиңиздер жана кайраттуулугуңуздар ар дайым урмат-сыйга татыктуу.
Жашоонун көркү, үй-бүлөнүн куту болуп биздин жашоого ар дайым жылуулук тартуулап жүрө бериңиздер . Ден-соолугуңуздар бекем, ишиңиздер ийгиликтүү болуп, үй-бүлөңүздөрдө бейпилдик болсун.
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, ар бир күнүңүздөр кубаныч жана бакыт менен коштолсун! Баркыңыздар бийик болуп, сый урматка балкып, коомго көрк берип жүрө бериңиздер !
Сиздерди терең урматтуу менен Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев