Урматтуу кадырман калкым!

21.03.2025, 19:00
9

Сиздерди жаз менен жарышып кирип келген Нооруз майрамыңыздар менен ак дилден куттуктайм!

Жаратылыштын жандануусун жар салган Нооруз майрамы баарыбызга кут болсун. Билгенге Нооруз – жакшы тилектердин майрамы. Эзелтен элибиз бул күндү жаңы жылдын башталышы катары майрамдап, улуу жараткандан жакшылыкты, берекени, токчулукту, молчулукту тилешкен.

Нооруз майрамы бүгүнкү күнү да жергебизде чоң салтанат менен белгиленип келет. Жаз жыттанган бул кубанычтуу күндө ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак-ырашкерлик каалайм! Жаратканым элибизге бак-дөөлөт, Ала-Тоо жергебизге кут-береке берсин! Айыл аймагыбызда жаз күнүндөй жаңылануу көп болсун!

Тереӊ урматтоо менен, Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кыдыралиев