Сиздерди бүгүнкү 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайм!
Баш мыйзамыбыз — укук менен адилеттүүлүктүн, туруктуулуктун жана мамлекеттүүлүктүн негизги тиреги. Конституция күнү — ар бир жарандын укугу урматталган, мыйзамдуулукту даңазалаган өзгөчө дата. Андыктан сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайм!
Мекенибизде мыйзамдуулук бекемделип, жергебиз гүлдөп, элибиз ынтымакта болуп, өлкөбүз өнүгө берсин.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев