Сиздерди өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгы менен куттуктайм!
Жылдан-жылга Кыргызстаныбыз Президентибиздин аракети жана элдин ынтымагы менен алга карай өнүгүүдө. Анын ичинде биздин Шумкар-Уя айыл аймагыбыз да өнүгүү жолунда бара жатат.
Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү катары биз алдыга чоң максаттарды коюп, инфраструктура, билим берүү, өндүрүш, саламаттыкты сактоо, спорт жана айыл чарба тармактарында бир топ иштерди аткарып жатабыз. Мындан ары да ынтымак менен иштеп, айыл турмушун дагы да жакшыртабыз деген ишенимдемин . Ар дайым үй-бүлөңүздөрдө береке-бакыт, өлкөбүздө тынчтык, эл ичинде биримдик болсун!
Урматтоо менен, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев