Урматтуу массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

07.11.2025, 13:19
2

Сиздерди 7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Элге так, ыкчам жана ишенимдүү маалымат берүү бул коомдук өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Сиздердин жоопкерчиликтүү жана талыкпас эмгегиңиздер аркылуу коомдогу ачыктык менен айкындуулук камсыздалууда.

Ар дайым чыгармачылык изденүү, кесиптик ийгилик коштоп жүрсүн! Баарыныздарга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

Сиздерди терең урматтоо менен

Шумкар Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович