Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз туусу – эгемендигибиздин, биримдигибиздин жана эркиндигибиздин символу. Бул ыйык туубуз биздин мамлекеттүүлүгүбүздү даңазалап, дүйнө жүзүндө Кыргызстан деген касиеттүү өлкө бар экенин тастыктап келет. Ал биздин ар-намысыбыздын, келечекке болгон ишенимибиздин белгиси.
Ар бир жараныбыз желбиреген туубузду көргөндө мекенге болгон сүйүүсү артып, аны бийик көтөрүп, ата-бабалардын мурасын урматтоо сезими менен жашаса – бул биздин эң чоң жетишкендигибиз болот.
Ушул улуу күнү өлкөбүзгө тынчтык, элибизге бакубат жашоо, ыйык туубуз ар дайым бийикте желбирей беришин каалайм! Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсүп, ар бир жараныбыздын жүзүнөн кубаныч кетпесин!
Мамлекеттик туубуз ар дайым бийикте желбирей берсин!
Урматтоо менен,
Шумкар-Уя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев